20-февралда шаар башчысы Азиз Суракматовдун катышуусу менен «Көчө- жолдордун түйүнүн өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоло турган  көчөлөрдү комиссиялык  кыдыруусу башталды. 

Жерине чыгып, кыдыруу комиссиясына «Наше право» право коомдук фондунан Калича Умуралиева менен Светлана Антропова, «Инициатива АрчА» коомдук фондунун директору Дмитрий Ветошкин, Кыргызстан Жашылдар Партиясынын өкүлү Александр Толмачев, «Эко Деми» коомдук фондунун өкүлү Айжан Чыныбаева, «ОО «МувГрин» коомдук бирикмесинен Мария Колесникова, «Городские инициативы» коомдук фондунан Айканыш Дербишева жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана көчөлөрдү оңдоого катышкан - капиталдык курулуш башкармалыгы, “Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык ишканасы, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Долбоордун экинчи фазасынын алкагында 60 көчө оңдолот. Алардын арасында Жукеев-Пудовкин, Суванбердиев, Фере, Буденный, Кокчетавский, Шота Руставели, Интергельпо жана башка көчөлөр бар. Көчөлөрдү ондоо жана куруу иштери 2019- 2020- жылдарында өтөт.

Кокчетавский көчөсү шаардын түндүк тарабында жайгашкан. Бул көчөнүн Махатма Ганди көчөсүнөн башталып  Тоголок Молдо көчөсүнө чейнки бөлүгү оңдолот. Бул эки километрди түзөт. Ташкент көчөсүнүн  Турусбеков көчөсүнөн баштап Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Турусбеков атындагы көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн баштап, Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгү реконструкцияланат. Ар бир участоктун узундугу 900 метрди түзөт. Ошондой эле Турусбеков көчөсү Щербаков көчөсүнө чейин оңдолот.

Былтыр долбоор боюнча  негизги 33 көчөдө оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 65,5 км түзөт.

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарым!