«Арча-Бешик» жаӊы конушундагы дене тарбия-ден соолукту чыӊдоо комплексинде Бишкек шаарынын мектеп лигасынын экинчи сезонунун салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.


Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, Ленин райондук администрациясынын башчысы Нурдин Тынаев, Дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов, шаардык мектептердин мугалимдери жана окуучулары катышышты.


Калаа башчсы Албек Ибраимов мектеп лигасынын ачылышы менен куттуктап, спорттук иш-чараны ачык деп жарыялады. Ошондой эле бардык катышуучуларга чоӊ ийгиликтерди каалады.


Спорттук иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы мектеп лигасынын биринчи сезонунун жеӊүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.


Мелдеш спорттун 15 түрү боюнча 2018-жылдын май айына чейин өткөрүлөт. Райондор аралык жана мектептер  этабы 25-декабрга чейин улантылат. Ал эми экинчи шаардык этабы кийинки жылдын январь айында башталат.


Белгилей кетсек, биринчи сезондун жеӊүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланышып, Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга мүмкүнчүлүк алышкан.


Мектеп лигасы окуучулар арасында спортту өнүктүрүү, окуучуларды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлүүдө.