22-майда калаа башчысы Азиз Суракматов, Европалык реконструкция жана Өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Сума Чакрабарти, ЕРӨБ директордун орун  басары Франсис Делей,  Борбордук Азиядагы банктын башкаруучсу Бруно Балванера, ЕРӨБ Борбордук Азиядагы директору Нил Маккейн, директордун орун басары, инфраструктура департаментинин улук банкири (Россия жана Борбордук Азия боюнча) Таалай Асылбеков, ЕРӨБ алдынкы банкири, долбоордун жетекчиси Акихиро Кудо, ЕРӨБ аналитиги Айгүл Артыкбаева,  Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинини порграммалык менеджери Люсьен Аэгетер,    Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин  инфраструктура программасы боюнча улуттук координатору Тунжурбек Кудабаев, вице-мэр Рыспек Сарпашов жана  “Бишкексууканал” ӨЭБ жетекчиси Бакытбек Дюшембиевден турган топ, “Орто-Алыш” суу топтомундагы “Бишкек шаарында суу менен камсыздоо жана канализация  системаларын калыбына келтирүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу жумуштары менен таанышып чыкты.

Баш калаабыздын 43 пайызын таза суу менен камсыз кылып турган “Орто-Алыш” суу топтому шаарыбыздын түштүк тарабынан 3 км алыстыкта Орто-Алыш ойдуңунун түндүгүндө жайгашкан.   Суутоптомунун аянты  472 га түзүп, анда 115 даана артезиан кудугу, хлор менен тазалоочу жай,  бир күндө 20 миң куб метр суу сактоочу резервуары бар. Көптөгөн жылдары иштетилип келе жаткан бул суутоптому техникалык мүнөздөмөлөрү жана нормативдик мезгили боюнча кайрадан казып чыгууну талап кылган.  Суутоптомго келген меймандар скважинадан сууну казып, жер алдындагы насосторду монтаждоо процессине күбө болушту.

“Бишкек шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системаларын калыбына келтирүү” долбоорунун экинчи фазасы Швейцария өкмөтү жана Европалык Реконструкция жана Өнүгүү банкы тарабынана каржыланат. Инвестицияалардын жалпы суммасы  16 млн. евро, анын ичинде  8 млн. евро насыя менен жана 8 млн. евро грант менен берилген. Долбоор боюнча насыялык жана гранттын келишимдер Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен № 144  2015-жылдын 4- июлунда бекитилген.

Экинчи фазанын алкагында эң негизги компоненттердин бири болгон скважиналарды казуу, насостор менен камсыздоо, суу жана электр менен камсыздоочу түйүндөргө туташтыруу.    

Скважиналарда орнотулган насостор аркылуу сууну электрэнергиясы аркылуу ташуу процесси жылына 3.0 млн квт саат электр энергиясын үнөмдөөгө жардам берет. Мындан тышкары таза сууну унөмдөп, өндүрүштүк коротууларды аздатып, электр жабдыкатарын жана насостордун эскиришин  алдын алып, гидравликалык режимдерди колдонуу аркылуу түйүндөрдөгү авариянын азайышын камсыздайт.  

Долбоордун экинчи фазасынын алкагында өткөрүлгөн тендердин негизинде, Европалык Реконструкция жана Өнүгүү банкы (ЕРӨБ) менен “Бишкексууканал” ӨЭБ макулдашуусу менен “Орто-Алыш” суу топтомунда ООО «Шэньсис геологиялык  компаниясы «Тяньди» (КНР) менен 35 скважинаны казууга контракт түзүлгөн. 2017-жылдын   5-декабрында компания курулуш иштерин баштап, үстүбүздөгү жылдын январ айында скважиналарды казуу иштерин аяктаган. Учурда суу түтүктөрү орнотулуп,  трансформатордук подстанциялар коюлуп, 3,026 км суу түтүктөрү курулду. Ошондой эле 35 насостун келиши күтүлүүдө жана Тыналиев көчөсүнөн башталып тазалоочу жайларга чейин узунудугу 11 км түзгөн канализациялык коллектордун долборлоо иштери уланууда.  2020-жылдын апрель айына чейин долборлоо иштери соңуна чыгышы пландаштырылууда.

Аталган компонеттин ишке ашышы баш калаага таза суунун көбөйүшүнө өбөлгө түзүп, таза суунун жана агынды суулардын сапатын текшерүүгө шарт түзүү менен суу кире элек жаңы конуштарга таза суу киригизүү маселесин жеңилдетүүгө жардам берет. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын түштүк райондорундагы жеке секторду жана батыш райондорду суу менен камсыз кылып, буга чейин генералдык план менен  каралбаган борбор калаанын түштүк зонасындагы инженердик инфраструктурасындагы көйгөлөрдү чечүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, “Орто-Алыш” суу топтомундагы “Бишкек шаарында суу менен камсыздоо жана канализация  системаларын калыбына келтирүү” долбоорунун биринчи  фазасынын алкагында 16 скважина казылып, үнөмдөлгөн гранттык каражатка  «G&C»  консорциуму суунун басымын чоңойткон, 19 борбордук насостор алынды. Аталган насостор  2-көтөрүмдөгү шаардын 6 суу топтомунда орнотулду. Алар:  – Северный, Запад-2, Гагарин, Белинский, ВПУ жана Западный.

Бишкек – таза суусу бар сүйүктүү шаарыбыз!