11-августта Эски аянтта Курман айттын урматына айт намаз болуп өттү.

Жалпы мусулмандарды КР Президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, борбор калаабыздын мэри Азиз Суракматов куттукташты.

"Бул күн - жакшы тилектердин, кайрымдуулуктун жана ынтымактын күнү. Ыйык Курман Айт жалпыбызга сабырдуулукту, боорукерликти, жакшылыкты алып келсин!",- деди куттуктоо сөзүндө Азиз Суракматов.

Айт намаз Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан окулду.

Биз бардык кыргызстандыктарды ыйык Курман айты менен куттуктап, ден-соолук, бакубаттык жана тынчтык каалайбыз.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!