Борбор калаадагы дагы бир мектепке кошумча имарат салуу иштери башталды. Кулиев көчөсүндөгү №19-орто мектептин пайдубалына капсуланы шаар тургундары, мугалимдер, шаар мэри Азиз Суракматов, вице-мэрлер Татьяна Кузнецова жана  Улан Азыгалиевдер салышты.

Бул долбоор  Бишкек шаарындагы муниципалдык билим берүү мекемелеринде окуучулук орундарды көбөйтүү боюнча Мэриянын Порграммасынын алкагында ишке ашырылууда. Эске сала кетсек, мындай программаны иштеп чыгуу зарылдыгын Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков С.Ш. белгилеген.

Долбоор боюнча жаңы окуу корпусунун аянты 0,0818 га түзөт. Эки кабаттуу имарат мектеп менен жылууланган өтмөк арыклуу биригет.  Мектептин жаңы корпусунда бий залы, окуучулук класстар, китепкана жана класстан тышкаркы сабактар үчүн кабинеттер каралган.  

Кошумча имараттын жардамы менен мектептин сыйымдуулугу дагы 198 окуучулук орунга көбөйөт.

Бардык долбоордук-сметалык документтер бекитилген. Сынактын негизинде «Максат»  курулуш компанясы аныкталды.  Жаңы мектепти курууга 60 миллион сом каралган,  бирок тыкыр эсептөолөрдүн натыйжасында үнөмдөө жүргүзүлүп,  учурда имараттын курулуш иштери менен жаңы жабдыктарды сатып алууга кеткен каражатты кошкондо  мектептин бюджети 45 млн. 65 миң 774 сомду түздү. Курулуш иштери 2020-жылдын сентябрь айында бүтөөрү пландаштырылууда.

Бишкек – Балдар үчүн сүйүктүү шаарыбыз!