Шаардык мэрия борбордогу мектеп жана бала бакчалардагы орундарды көбөйтүү максатында системалуу түрдө бир катар иш чараларды жүргүзүүдө.    

Бүгүнкү күндө №12-, №19- мектептеринде жана Тунгуч кичи району менен Тыныстанов к. 193 дарегинде жайгашкан бала бакчаларда жаңы окуу имараттарын куруу иштери толугу менен жүрүп жатат.

№19 мектептин жаңы имараты

Мектептин аймагында курулуп жаткан жаңы кошумча корпусунун дубалы тургузулуп, чатыры жабылды. Жакын арада ички жасалгалоо иштери башталат.Анын аянты бир миң эки жүз элүү чарчы метрди түзүп, мектеп 198 окуучулук орунга көбөйөт. Эки кабаттуу имараттын ичинде бир нече класстар, кенен китепкана бөлүму жана чоң бий залын жайгаштыруу пландалууда.

Шаар бюджетинен 45 миллион сом бөлүнгөн мекеменин курулушун "Максат" подряддык компаниясы жүргүзүүдө. Жаңы имарат 2020-жылдын сентябрь айында окуучуларга эшигин ачат.

Тыныстанов к. 193 дарегиндеги бала бакча.

Бул объекттеги мекеменин курулуш иштери экинчи кабатына келди. Жертөлө кабатынын иштери толугу менен даяр болду.  

Бала бакча өрттөнүп кеткен салык кызматынын ордунда курулууда.  Аянты 1216 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу мекеме төрт группага эсептелип, балдар үчүн оюн жана уктоо бөлмөлөрү, музыкалык жана спорттук машыгуулар үчүн зал даярдалат. Жертөлө кабатында кир жуучу жай, чыгдан жана техникалык жай жайгашкан.

Имарат "Эм Эс Билдинг" компаниясы тарабынан курулууда. Курулуштун баасы 35 миллион сом түзүп, каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

"Тунгуч" кичи районундагы балдар бакчасы.

Дагы бир бала бакчанын курулушу "Тунгуч" кичи районунда аяктоо алдында.

Имараттын жалпы аянты 1,5 миң чарчы метрге жакын. Үчүнчү февралда капиталдык курулуш башкармалыгы жабдууларды жана шаймандарды сатып алууга жалпы суммасы 6,3 миллион сомду тузгон  тендер жарыялады. Конкурс боюнча уктоочу жана оюн бөлмөлөру учун эмеректер, тамак-аш блогу жана ашкана системасынын каражаттары, ички жана тышкы видео байкоо жүргүзүү, өрт өчүрүүчү шаймандар, 2 компьютер жана оргтехникалар, медициналык кабинет үчүн  жабдуулар , ошондой эле музыкалык залга электрондук пианино жана акустикалык  системасын сатып алуу пландаштырылууда.

Бала бакча 140 орундан турган 5 топко ылайыкталган. Бакчада жакшы шарттар түзүлүп, музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн залдар, медициналык бөлмө, ашкана, көмөкчү, кир жуучу, кызматтык жайлары менен камсыздоо каралууда.

Шаар бюджетинен 44 миллион сом бөлүнгөн ишкананын курулуш иштерин "Аргын Курулуш" компаниясы аткарууда.

Бакча курулушу 2019-жылдын июль айында башталып, ушул жылдын жазында толугу менен аяктаганы турат.  Жакынкы кундору электрондук кезекке туруу иштери башталат.

№12 мектептин аймагында кошумча жаңы курулуш.

Мекеменин жаны окуу корпусу 384 орунга эсептелип, курулуш иштери эки ай мурун башталган.

Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча курулуш-монтаждоо иштери 60% аяктагандыктан, келерки жумада "Байэл-А-Курулуш" компаниясы чатырын жабууга киришет. Эскерте кетсек, жаңы окуу корпусун курууга каражат коррупция менен күрөшүү боюнча депозиттик эсептен бөлүнгөн.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!