Бишкек шаарынын мэри А.Суракматов доллардын курсу көтөрүлүшүнө байланыштуу борбордогу ири гипермаркеттерде азык-түлүк жана дарыканаларды кыдырып баалардын негизсиз жогорулоо фактыларын текшерди.

А. Суракматов менен бирге ЭККМКнын башчысы Н.Казабеков жана ШИИБнын башчысы К. Джумагазиев эскертүүсүз Токомбаев көчөсүндөгү "Глобус" дүкөнүнө кирип барышты.

Муниципалитеттин башчысы дароо колдун дизинфекциясы үчүн антисептиктерге болгон баанын негизсиз жогорулашына көңүл буруп, ЭККМК эреже бузууларды өз көзөмөлүнө алышты.

Калган продукциялардын баалары туруктуу. Дүкөндүн администрациянын маалыматы боюнча, запастар жеткиликтүү болгондуктан кабатырланууга себеп жок.

Биздин текшерүү Ахунбаев жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Фрунзе" гипермаркетинде уланды. Дүкөндө баалар жогорулатылган эмес. "Фрунзе" дүкөнүнүн башкы директору Бакытбек Аматов кампаларда азык-түлүктөрдүн запастары бар экендигин, ал эми сатып алуучулар менен дистрибьюторлор арасында ажиотаж жок экендигин ишендирди.

Ошондой эле, соода борборлорго караштуу дарыкана пункттары да текшерилип, маска жана колду тазалоочу санитайзерлерге суроо-талап жогору экени байкалат.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясынын командасы борбордун соода түйүндөрүндөгү бааларды мониторингин күнү-түнү жүргүзөт. Өтүнөбүз кабатыр болбоңуздар! Товарлардын запастары жетиштүү санда.

Урматтуу ишкерлер! Биз тамак-аш жана ар кандай буюмдардын баасын жогорулатпоону суранабыз. Товарлардын баасын негизсиз көтөрүү боюнча бардык аракеттер кылмыш жоопкерчилигине кабылат.

Урматтуу шаар тургундары! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңуздөр! Жеке гигиенаны сактаңыздар!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!