Урматтуу шаардыктар! Эсиңиздерде болсо, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен өткөн жылы тротуар жана веложолдордун масштабдуу курулуш иштери башталган.

Азыркы учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 7-апрель көчөсүндө, Чүй проспектисинен Кийизбаев көчөсүнө чейин курулуп жаткан тротуар жана веложолдун курулуш ишин аяктаганы турат.

Шаардын түндүк жана түштүк бөлүгүн бириктирген, узундугу 860 метр болгон веложолдун жана аянты 3 миң 870 чарчы метрди түзгөн тротуардын курулушун Бишкекасфальтсервистин бир бригадасы атайын жабдуулардын (асфальттөшөөчү жана эки каток) тартылышы менен жүргүзүшүүдө.

Веложол жана Тротуар кэчкиге даяр болот. Урматтуу шаардыктар! Эми зарыл болгон учурда шаар ичинде велосепед менен коопсуз жол жүрө аласыздар.

Урматтуу Бишкектиктер! Убактылуу себепсиз үйдөн чыгууну токтотуп турууну өтүнөбүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр!

Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча суроолоруңуз болсо шаар штабынын номуруна кайрылыңыздар: 625813, 0555839379 WhatsApp: 0705 025 010. Ошондой эле, компетенттүү кеңеш алуу үчүн, мамлекеттик санэпидем көзөмөл кызматына 0555 920241 номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!