Урматтуу шаардыктар, ата-энелер жана балдар! Тыныстанов көчөсү, 193 дарегинде күйүп кеткен салык кызматынын ордунда жайгашкан жаңы бала бакча балдарды кабыл алууга толук даяр экендигин билдиребиз.

Жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмун (мектепке чейинки) мугалимдер, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу Лидия Каткова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев, Биринчи май районунун акими М. Нусувалиев ачышты.

Белгилей кетсек, мектепке чейинки билим берүү мекемесине 11 номери берилген.

Жаңы бакчанын аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Бул жерде төрт топ, жалпысынан 100 баланы батыра алат.

Балдар бакчасы балдардын жемиштүү билим алышы үчүн керектүү бардык жабдуулар менен камсыздалган. Бөбөктөр үчүн оюн жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык жана спорттук иш-чаралар үчүн залдар, жуунуучу бөлмөлөр, жер төлөөсүндө  кир жуугуч, сактоочу жай жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Мектепке чейинки билим берүүчү жаңы уюмдун курулушуна шаардык бюджеттен болжол менен 35 миллион сом бөлүнгөн, курулушту капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы  менен  «Эм Эс Билдинг» бөдрөтчү компаниясы аткарган.

Эске салсак, жаңы бала бакчанын пайдубалына капсула 2019-жылдын күзүндө салынып, бүгүн биринчи балдарды кабыл алууга даяр болду.