Урматтуу шаардыктар! Биз борбор калаабызга гүлдөрдү кайсыл жактан өстүрөбүз деп ойлонуп көрдүңүздөр беле?

Сиздердин назарыңыздарга "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын №1- күнөсканасын сунуштайбыз.
Бул жылы биз бир жылдык гүлдөрдүн 400 миңге жакын үрөнүн септик, гүлдөрүбүз өнүп баштады.

Эми алар чөйчөктөргө отургузууну күтүп жатышат, бул ачык жерге отургузганда тамыр системасын жабыркатпоо үчүн керек.
Андан кийин биздин “Бишкекжашылчарбанын” эмгекчил кызматкерлеринин көзөмөлү астында күнөсканаларыбызда гүлдөр өстүрөбүз.

Эске салсак, быйыл шаардын төрт районуна 1,5 миллиондон ашык гүл отургузуу пландалууда, гүлзарлар сальвия, катарантус, тагетис, цинния, георгина, агератум, алиссум ж.б гүлдөр менен кооздолот.