Бүгүн, "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун 29 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп, анда борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, Улуттук Гвардиянын командачысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү Талантбек Эргешов, райондук  акимиадминистрациялардын башчылары, шаардык кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Туу Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Авторлук жамаат:Э. Айдарбеков, Б. Жайчыбеков, С. Иптаров, Ж. Матаев, М. Сыдыков.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.