Бүгүн, мэриянын  жыйындар залында шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардык структураларда иштеп, шаарыбыздын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп жаткан аялдарды куттуктады.

Б.Кудайбергенов  бүгүнкү күндө айымдар сулуу энелер, чоң энелер, үйдүн куту  гана эмес, ошондой эле өз тармагынын кесипкөй адистери болуп саналарын белгиледи. Кантсе да, бүгүн алар саясатты түптөп, борбор шаарыбыздын жашоосуна активдүү катышып, сүйүктүү шаарыбыз  Бишкекти өнүктүрүүгө салым кошуп жатышат.

Ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар төмөнкүлөргө берилди:


1. Нааматова Анархан Кубатбековна - №4 стоматологиялык клиниканын башкы эсепчиси;
2. Омуракунова Зуура Айныкеевна - Биринчи май районунун БҮМБ директорлор кеңешинин директорунун орун басары;
3. Хмелева Светлана Михайловна - Бишкек шаарынын Биринчи май районунун  №4 БҮМБ нын башчысы;
4. Мамырбаева Каныкей Жекшеновна - Бишкек шаарынын Октябрь районунун №15 ҮМБнын статист-дарыгери;
5. Перепалова Виктория Владимировна - Медициналык тез жардам борборунун педиатры;
6. Маматайпова Айзада Маматайповна - 7-балдар искусство мектебинин кыргыз элдик аспаптар бөлүмүнүн башчысы.
7. Токтошева Гүлнура Майрамбековна - Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын №6 Балдар искусство мектебинин "Флейта" классынын мугалими;
8. Жамаева Жыпара Сымыевна - материалдык бөлүмдүн эсепчиси;
9. Джеентаева Апал Абдыкеримовна - Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
10. Кибкало Татьяна Николаевна - "Алексис" бий тобунун хореографы;
11. Шкарупина Татьяна Николаевна -  №61 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячысы;
12. Щербакова Ирина Васильевна - №164 адистештирилген бала бакчасынын  башкы медайымы;
13. Коминарац Нина Демьяновна -№62 мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
14. Демша Алла Аркадьевна - №27 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими;
15. Исманова Динара Чиркеевна - №89 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
16. Алышева Айчурук - “Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдары бар аялдар борбору” муниципалдык мекемесинин директору;
17. Абыканова Дүйшөбүбү Манековна - улгайган адамдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жалпы типтеги Бишкек социалдык стационардык мекемесинин кир жуугуч кызматкери;
18. Омурзакова Бурулкан - Майыптар үчүн шаардык калыбына келтирүү борборунун кампа башчысы;
19. Миңбаева Гульнура Эгемкуловна - "Айданек" борборунун тарбиячысы;
20. Тулымшакова Майя Жексенбековна -  социалдык кызматкери-психолог;
21. Омуралиева Гүлзина Нуркуловна - Ленин районундагы спорт мектебинин директорунун орун басары;
22. Кулигина Наталья Анатольевна - Дельфин спорт мектебинин директорунун орун басары;
23. Карасартова Дамира Аскаровна - Биринчи май районунун спорт мектебинин башкы эсепчиси;
24. Печкунова Светлана Ивановна - балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин шахмат боюнча методисти;
25. Сарымсакова Жамыка Болоткановна - "Бишкекшаарлифт" МИнинучасткасынын бригадири;
26. Осмоналиева Жылдыз Медербековна - "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын Бишкекгаз филиалынын юридикалык консультант;
27. Джузумалиева Кенжекул Жалиловна -"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын №2 күнөскана чарбасынын жумушчусу;
28. Заирова Гүлжамал Равшаналиевна - ""Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын №1 күнөскана чарбасынын жумушчусу;
29. Антонович Ирина Александровна -  "Түндүк электр" ААК, Чыгыш району электр тармактарынын диспетчери. ;
30. Рыскулова Нуржан Турарбековна - "Түндүк электр" ААКнын инженер-геодезист (кабелдик линия кызматы);
31. Назаренко Татьяна Георгиевна - "Бишкекжылуулукэнерго" КИнын №8 өндүрүш участогунун бригадири;
32. Усубалиева Нургүл Кемелбековна - "Бишкекжылуулукэнерго" КИнин №3 өндүрүш участогунун бригадири;
33. Курманалиева Гүлбайрам Бакасовна - "Тазалык" МИнин кызматкери;
34. Тыныстанова Токтокан Жаманкуловна - "Тазалык" МИнин кызматкери;
35. Зарлыкова Уулман Жолдошбековна - "Тазалык" МИнин кызматкери;
36. Брандт Мария Михайловна - "Бишкексууканал" ЖЭБинин 3-категориядагы  оператору;
37. Элебесова Жамал Темиркановна - "Бишкекжылуулуктармагы" ААКтын Түштүк аймагы боюнча абоненттер бөлүмүнүн контролеру;
38. Мирошникова Татьяна Павловна - "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын №2 участкасынын Борбордук аймагынын машинисти;
39. Баялиева Элмира Сардарбековна - Жылуулук электр станциясынын ААК "Электр станциялары" филиалынын химиялык бөлүмүнүн 4-категориядагы химиялык анализдин лаборанты;
40. Кузнецова Ольга Изосимовна - Бишкек шаарындагы Жылуулук электр станциясынын "Электр станциялары" ААК филиалынын жылуулукту автоматташтыруу жана өлчөө цехинин электр станцияларын тейлөө боюнча электр монтеру;
41. Ломова Лидия Петровна - "Карагачевая Роща" паркынын кызматкери ("Шаардык парктар" ЖК);
42. Чекилова Венера Муктарбековна - "Бишкекжарык" МИнин кызматкери.
43. Страхова Татьяна Викторовна - май куюучу жайдын оператору (автоунаа куюучу жай);
44. Сыдыкова Зыйнат Шейшебаевна - шаардык троллейбус башкармалыгынын билеттерди сатуу бөлүмүнуң адиси;
45. Решетова Оксана Дмитриевна - троллейбустун айдоочусу;
46. Джапарова Тургунай Джанышбековна - троллейбус айдоочусу;
47. Иманалиева Бурул Эшеновна - троллейбустун айдоочусу;
48. Жанузакова Кызылкул Океновна - троллейбус айдоочусу;
49. Токторбаева Асыл Асаналиевна - троллейбус айдоочусу;
50. Кенжекулова Алмагүл Асековна - троллейбус айдоочусу;
51. Гудкова Елена Герадиевна - троллейбустун айдоочусу;
52. Кадырбек кызы Айкөкүл - троллейбустун айдоочусу;
53. Шаршембиева Жыпаркул Абылкановна - троллейбус айдоочусу.