Мэриянын Билим берүү башкармалыгы тарабынан дарыгерлерге, ыктыярчыларга, мугалимдерге жана шаардык кызматтардын кызматкерлерине арналган "Өмүр  үчүн" эскерүү иш-чарасы уюштурулду.

Көрсөтүү «Таберик» балдар музыкалык театрынын концерттик залында болуп, көзгө көрүнбөгөн душманга каршы күрөштө жанын берген адамдардын элесине арналган видео ролик көрсөтүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөшүүдөгү чыдамкайлыгы үчүн катышуучуларга терең ыраазычылык билдирип,  коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө алдыңкы саптарда өздөрүн аябаган баатырларга ыраазычылык каттарын тапшырды.

Учурдан пайдаланып, шаар тургуну  Александр Орехов социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын  башчысы Майрам Мамбетовага, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаиловага  жана депутат Айнагүл Керимкуловага гүлдесте тапшырып, ыраазычылык билдирди.

Эрдигиңиздер үчүн рахмат! Сиздерге терең таазим кылабыз!