Бишкек шаарынын мэриясы шаардын тургундары жана меймандары үчүн эс алуучу жашыл зоналарды көбөйтүүнү улантып жатат.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун тапшырмасы менен №8 кичирайонунда жайгашкан Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жаңы скверди жаңылоо иштери аяктады.

Бул жер узак убакыт бою каралбай, ит менен сейилдөөчү аянтча гана болуп келген.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан аянтча көрктөндүрүлүп, жөө адамдар үчүн сейилдөөчү жолдун четтериндеги отургучтардын жандарына гүлдөр коюлуп, ошондой эле бышык металлдан жасалып, атайын боёк менен сырдалган таштанды челектер орнотулду.

Скверди жарыктандыруу үчүн жердин алды менен 622 метр электр чубалгылары тартылып, жаратылыштын сүрөттөрү түшүрүлгөн 13 светодиоддук чырактары бар кутучалар орнотулду. Ар бир отургучтун айланасы жарыктандырылган. Эгерде шаар тургундары телефондорун чукул арада кубаттагысы келсе, отургучтун жанында USB порттору бар.

Белгилей кетсек, бардык материалдар "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк цехинде жасалды.

Тамчылатып сугаруу ыкмасы менен өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн диаметри 20 мм болгон 350 метр түтүктөр жер астына төшөлдү. Ал эми эс алуучулардын коопсуздугун камсызоо максатында мамыларга видеокөзөмөл камералары орнотулду.

Келечекте Саманчин көчөсүнөн баштап, үстүнкү аянтты көрктөндүрүү пландары бар.