Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык мекемеси менен Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда болуп, аларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Стационардык мекеменин жамааты мэр менен биргеликте маданият башкармалыгы  тарабынан даярдалган концертке күбө болушту.

Адаптация борборунун тарбиялануучулары өз алдынча чакан майрамдык программа даярдашып, келген коноктордун алдында ырахаттануу менен концерт коюшту.

Социалдык-стационардык мекеменин конокторуна кир жуугуч машина берилип, адаптация борборунун тарбиялануучуларына КРнын  Президенти С.Жапаровдун атынан белектер тапшырылды.

Маалымдама: Балдарды социалдык адаптациялоо борбору кароосуз калган балдарды адаптациялоонун жана реабилитациялоонун комплекстүү системасын ишке ашырат жана балдарды өз туугандарына, багып алган үй-бүлөлөргө жана камкорчулардын үй-бүлөлөрүнө кайтарууга көмөктөшөт. Мекеме 70 балага ылайыкталган, учурда 36 бала тарбияланууда.

Бишкек карылар үйү 1961-жылы ачылган жана 230 орунга ылайыкталган. Учурда анда 207 адам жашайт. Бишке социалдык-стационардык мекемесинин  паллиативдик жардам бөлүмү иштейт, анда сырттан жардамга муктаж 52 адам бар.