Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жана ар кыл конфессиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчөттөр отургузулду.

Көчөттөрдү отургузуу “Жашыл Мурас” улуттук компаниясын жана “2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” ишке ашыруунун алкагында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Бишкек шаарындагы «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузуп, тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери, диний жана бейөкмөт уюмдардын, диний окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.