Бишкекте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда мончо жана эс алуу комплексинин пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Курулуштун жалпы аянты 2705,41м2. Анда жер төлөсү мене эки кабаттуу заманбап имарат курулат. Мончо 240 орунга, эркектерге-120, аялдарга-120 орунга ылайыкталган.

Комплексте ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.

Долбоорду «Нур-Строй-Групп» ЖЧК уюму иштеп чыккан.

Учурда падрядчы «Лидер Хаус К.К.» ЖЧК менен курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлдү. Казуу иштери бүткөрүлдү.