Бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” III Эл аралык балдардын фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышы болду.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышуучуларды фестивалдын ачылышы жана келе жаткан Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

"Сиздерди 1-июнь балдардын Эл аралык күнү жана «Наристе» III - Эл аралык фольклордук фестивалынын биздин күнөстүү жана меймандос борбор шаарыбыз – Бишкекте ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында өтүп жаткан «Наристе» фестивалынын программасы өтө кызыктуу жана мазмундуу, баарыңыздарды жылуу жана кубанычтуу жолугушуулар, жаңы ачылыштар, жаңы ысымдар күтүүдө. Өз кезегинде биз анын жогорку деңгээлде өтүшүнө бардык шарттарды, жагымдуу жагдайларды түзүү менен бардык аракетибизди жумшайбыз",- деп белгиледи калаа башчысы.

Ири масштабдагы  салтанаттуу иш-чарага Индия, Казакстан, Монголия, Санкт-Петербург, Тыва Республикасы, Башкортостан Республикасы, Саха Республикасынан келген өкүлдөр жана Кыргызстандын 7 облусунан келген I Дельфий ачык оюндарынын жеңүүчүлөрү катышты.

Фестивалдын катышуучулары концерттик программа уюштурду.

Эске салсак, фестивалдын алкагында республикабыздын жана борбор калаанын конокторунун фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин концерти, мектептерде чыгармачылык жолугушуулар, мастер-класстар, илимий-практикалык конференция, маданий жана элдик прикладдык искусство жаатындагы инновациялык долбоорлордун бет ачар аземи өткөрүлөт.

Мындан тышкары, фестивалдын катышуучулары үчүн шаардын тарыхый-маданий объектилерине жана Ысык-Көлгө экскурсия уюштурулат.