«Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкексуучарба» жана «Бишкексууканал» ишканаларынын объектилерине  пресс-тур уюштурулду.

Журналисттерге шаардын кургак жана суусу аз аймактарын мындан ары сугат суу менен камсыз кылуу үчүн 6 жаңы скважинанын биринин курулушу жана бургулоо иштери көрсөтүлдү. Эскерте кетсек, учурда Нарвск жана Профсоюз  көчөлөрүнүн кесилишинде скважиналарды бургулоо иштери аяктап жатат. Скважинанын сууга болгон муктаждыгы суткасына 1560,0 3, же насостун үзгүлтүксүз иштөөсүндө 65,0 м3/саат (17,0 л/с) түзөт.

Пресс-турдун катышуучуларына ошондой эле газга өтүп жаткан отканалар көрсөтүлүп, Айни-Адышев көчөсүндөгү түтүктөрдү алмаштыруу жана канализациялык коллектордун курулуш иштери көрсөтүлдү.

Коллектордун курулушунун негизги себеби - “Арча-Бешик” жана “Орок” конуштарында тартылган канализациялык коллектордон жүктүүлүктү азайтуу. Коллектордун жалпы узундугу бир километрге жакын, ал диаметри 400 мм келген асбест-цемент түтүктөрүнөн турат. Канализациялык коллектор Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндөгү өткөрүмдүүлүктү жакшыртат.

№59 мектепте газ менен иштеген откана курулуп жатат. Учурда иштин 60 пайызы бүткөрүлдү. Белгилей кетсек, откананы газга өткөрүү муниципалитеттин экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш-планынын алкагында жүргүзүлүүдө. "Жумушчу шаарчасында" Мидин Алыбаев көчөсүндө   Крылов көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейин 380 метр ысык суу жана жылуулук түтүктөрү алмаштырылууда.

Жалпысынан быйылкы жылы ишкана тейлеген мектептердеги жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги 22 отканага газ отказандары орнотулат.