Бишкекте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Калыс-Ордо конушундагы бала бакчанын пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин аянты - 1 390 чарчы метр, жалпы аянты - 0,68 га.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн - зоок, буфет, ашкана,  жуунуучу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.

Подрядчы «Арай» ЖЧКсы менен курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга келишим түзүлдү. Учурда жер казуу иштери аткарылып, траншеяларды кум-шагыл менен толтуруу иштери бүткөрүлүп, пайдубалдын бетонун куюга арматураларын токуу иштери жүрүп жатат.