Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника жана жабдууларды сатып алды.

Атайын техникаларды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Белгилей кетсек, борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника алынып келинсе, анын 61и техника, 16сы жабдуу. Мындан тышкары «Бишкексуучарба» МИге дагы бир атайын техника келүүсү  күтүлүүдө.

Алсак,  атайын техникалар  «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Бишкекжарык», «Бишкекшаарлифт», «Бишкекасфальтсервис», «Тазалык», ошондой эле "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканаларына алынды.

Алынган «жаңы техникалардын» арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсиниратор жана башкалар бар.