«Таберик» концерттик залында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин, ошондой эле Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Гүлназ Халилованын катышуусунда Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам алуучулардын 1-шаардык конференциясы болуп өттү.

Конференцияда эң натыйжалуу долбоорлордун бет ачары болуп, бизнести өнүктүрүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Мыкты жыйынтыктарды көрсөткөндөрдү үстүбүздөгү жылдын күзүндө өтүүчү жана социалдык контракттын мыкты тажрыйбаларын бир аянтчада топтой турган «Жаңы кадам» республикалык съездине делегаттар көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү программасынын аркасында көптөгөн үй-бүлөлөр жөлөк пул алуучу статусунан жеке ишкер статусуна өтүп, алар өздөрү үй-бүлөсүн киреше менен камсыздап, алардын жыргалчылыгын жогорулатып жатышат.

Эң ийгиликтүү контрактчыларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматкерлерине талыкпаган эмгеги үчүн грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, социалдык контракттын негизинде социалдык жардам программанын мазмунунун негизинде үч жылга дайындалат жана максаттарды көздөйт:

- үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу боюнча активдүү аракеттерге стимулдаштыруу;
- социалдык коргоо системасынан жетиштүү көз карандысыздыкка ээ болуу жана коомдун жашоосуна толук катышуу максатында үй-бүлөлөрдү жашоо деңгээлин жогорулатууга шыктандыруу;
- үй-бүлөлөрдүн эркин эмгек жана мүлктүк потенциалын коомдук пайдалуу ишке тартуу;
- үй-бүлөлөрдүн социалдык жоопкерчилигин жогорулатуу;
- чакан ишкерликти өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.

Социалдык контракт программасын ишке ашыруу мезгилинде 454 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жактырылган, аларга социалдык контракттын негизинде республикалык бюджеттен 45,4 млн.сом суммасында социалдык жардам төлөнгөн.