Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын автобазасындагы курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Учурда жаңы автобустардын келишине даярдык кызуу жүргүзүлүп, автопаркка асфальт төшөөгө жер кыртышын даярдоо, таптоо, айланасын кеңейтүү, жарыктандыруу, көрктөндүрүү иштери уланууда. Буга чейин эски автобустарды алуу, таштандыларын чыгаруу, айланасын тосуу иштери аткарылган.

Калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасына жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине автопаркты даярдоо иштерин тез арада бүтүрүүнү жана жаңы автобустар үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, борбор калаага 1000 автобус алып келүү пландалууда. Анын ичинен 500 автобус жылдын аягына чейин этап-этабы менен алынып келинет.  Учурда 125 автобус келди.