Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти  №29  окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясынын базасында «Билим берүүнү санариптештирүү шартында XXI кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүү: чакырыктар, учурдагы абалы, келечеги»  аталышта педагогтордун август кеңешмесин өткөрдү.

Бул иш-чарага шаардын мэри Эмилбек Абдыкадыров, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, мектеп жана бала бакчалардын директорлору катышты.

Негизги баяндаманы, анын ичинде билим берүүнү санариптештирүүнүн актуалдуу маселелерин кароону Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жасады.

Мындан тышкары, конференцияда билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган заманбап талаптар, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы, электрондук мектеп тутумдарын, көп тилдүү программаларды колдонуу, ошондой эле билим берүү тармагында STEM технологиялары боюнча бир катар докладдар угулду.

Конференциянын жүрүшүндө “ачык микрофон” бөлүмүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров көп жылдык эмгеги жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн өзгөчөлөнгөн мугалимдерди сыйлады.

Ошентип, мэриянын төш белгисин №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин  директорунун орун басары Судкова Наталья Олеговна алды.

Бишкек мэриясы кол сааттары №9 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин директору Арстанбекова Зейнеп Мамажановнага жана № 24 мектеп-гимназиясынын директору Абдураимова Анара Хабибовнага тапшырылды.

Ардак грамоталар менен төмөнкүлөр сыйланды:
Ботаева Жумгал Имашевна —  №31 мектеп-гимназиясынын директорунун орун басары;
Якимовская Ольга Алексеевна - №65 экологиялык-экономикалык лицейдин директорунун орун басары;
Байшариева Рахат Карагуловна - №69 орто мектептин директорунун орун басары;
Телтаева Кызылгум Барыктабасовна - №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
Садыкова Эснария Эсенгуловна - №184 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
Таирова Мира Коконовна - №68 мектеп-гимназиясынын география мугалими.

Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү түзүмүндө 103 мектеп, 95 бала бакча, анын 12си адистештирилген, 6 мектептен тышкаркы уюм бар. 2023-2024-окуу жылында 188 миңден ашык бала 1-сентябрда мектеп босогосун атташат.