1-сентябрда борбор калаанын бардык мектептеринде Билим күнүнө жана 2023-2024-жаңы окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу жыйындар өттү.

Быйыл 20 миңден ашуун 1-класстын окуучулары мектеп коңгуроосун биринчи жолу угуп, партасына отурушту.

Алгачкы сабак бардык мектептерде “Тегибизди унутпай,   дүйнөгө ачык бололу: Кыргыз жараны – өлкөнүн келечеги” деген темада өттү.

Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан, 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан жана 6 мектептен тышкаркы уюмдардан турат. Жыл сайын окуучулардын, орто эсеп менен 8589 баланын санынын динамикалык өсүшү байкалууда, бул төрөлүүнүн жана ички миграциянын өсүшү менен байланыштуу.

Шаардык муниципалитеттин билим берүү департаменти окуу процессинин бардык катышуучуларын Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап,  чың ден соолук жана   ийгиликтерди каалайт.