Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров орун басарлары жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен биргеликте журналисттерге коомдук транспорт тармагындагы реформа тууралуу айтып берди.

“Аялдамалар, коомдук транспорт, жолдор, унаа токтотуучу жайлар бир система болушу керек. Коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнүшү иштин башталышы. Аялдамалар да жылдырылып, жол боюндагы унаа токтотуучу жайлар жоюлат”, - деди калаа башчы.
Эмилбек Абдыкадыров белгилегендей, коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүүнүн негизги максаты – эл жеке транспорттон коомдук транспортко өтүү.

“Албетте көйгөйлөр болот, жеке унаалардан тыгындар жаралат. Андыктан алар коомдук транспортко өтүшөт. Бара-бара тартип болот. Автобус бара турган жерине 15 мүнөттө жете турганын системага киргизебиз, ал эми жеке унаалар жарым саатта жетет. Калк түшүнүү менен мамиле жасап, системга көнөт деп ишенем. Ошондой эле таксисттер, маршруттук таксилер аялдамаларда токтоп, автобус, троллейбустарга орун калбай калган учурлар көп кездешүүдө. Бул маселени чечүүгө атайын жол тилкеси  жардам берет. Алты айдын ичинде Бишкектин жолдоруна өзүнчө тилке бөлүү боюнча иштерди бүтүрөбүз”, - деди борбор калаанын мэри.
Ошондой эле, бул реформанын алкагында "Муниципалдык токтотмолор, унаа туруктары жана базарлар" муниципалдык ишканасы “Транспорт жана жол транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү” департаментинин карамагына өтүшү мүмкүн.

Эске салсак, Бишкек шаарынын жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча Штабдын комиссиясынын 2023-жылдын 04-августундагы чечимине ылайык, Аалы Токомбаев Байтик Баатыр көчөсүнөн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнө чейин 12-кичи район (батыш жана чыгышта) боюндагы бөлүнгөн тилкелер үчүн жолдорду уюштуруу жана жабдуу чечими кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө Транспорт департаменти тарабынан атайын тилкелерди белгилөө жана жол белгилерин орнотуу иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары мэр Кытайдан келген жаңы автобустар үчүн автопарктын курулушу менен таанышты. Учурда жаңы автобустардын келүүсүнө кызуу даярдыктар көрүлүп, автопаркты асфальттоо улантылып, аймагы кеңейтилип, сырткы жарыктандыруулар орнотулуп, автобазанын аймагы көрктөндүрүлдү.

Эске салсак, буга чейин жараксыз эски автобустарды алып, таштандыларды чыгаруу жана аймакты тосуу иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, борбор калаага 1000 автобус алып келүү пландалууда. Анын ичинен 500 автобус жыл аягына чейин этап менен алынып келинет. Учурда линияда 112 автобус жүрсө, дагы 220 автобустун каттамга чыгуусу  күтүлүүдө.