Бишкекте эл аралык кайрымдуулук “BMW LEOPARD RUN” жарым марафону болуп, анын маршруту борбор калаанын негизги көчөлөрү менен өттү.

Иш-чара мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева жана “Autocenter Эстокада” BMW маркетинг бөлүмүнүн башчысы Эмир Темирбеков тарабынан ачылды.

Өлкөнүн башкы жарышына 5 миңден ашуун жөө күлүк катышып, анын 600ү чет өлкөдөн Кыргызстанга келген.

Жарыштын катышуучулары 1 (тилектештик дистанциясы), 5, 14, 21,1 км аралыктарды басып өтүшүп, марафондун алкагында Kulikov Kid’s Run аталышындагы 3 жаштан 9 жашка чейинки балдардын чуркоо марафону болду.

Бардык катышуучулар жана күйөрмандар үчүн артисттер менен музыканттардын катышуусунда бай шоу-программа уюштурулуп, иш-чаранын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү сынактар өткөрүлдү. Маршрут боюнча бардык күлүктөр үчүн ичүүчү таза суу менен тамактануу пункттары да уюштурулган.

Спорттук мелдештин жыйынтыгында бардык дистанциялар боюнча 1-орундан 3-орунга чейин жеңүүчүлөр атайын медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Кирүү акысынан түшкөн каражаттардын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук максаттарына жумшала тургандыгын белгилөөгө болот.