Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Дже, Корея Республикасынын «KOICA» Эл аралык кызматташтык агенттигинин директору Ли Джонгсу катышты.

№1, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, №2 клиникалык көп профилдүү ооруканасына, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына, Клиникалык тез жардам ооруканасына, Спорттук-реабилитациялык борборуна, Шаардык гинекологиялык ооруканасына, Шаардык студенттик клиникасынана, ошондой эле Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна жалпы 22 миллион сомдон ашык  суммага наркоздук дем алуучу аппараттар, санариптик флюорографиялык аппараттар, 12 каналдуу ЭКГ жана DT prime  амплификатору жана башка медициналык жана компьютердик жабдуулар алынды.  

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы менен Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында өттү.