Октябрь районунун Тунгуч кичи районунда GIZ эл аралык уюмунун өкүлдөрүнүн жана кичи райондун тургундарынын катышуусунда сейил бакча ачылды.

Бул бакчанын курулушу ушул жылдын жаз айларында башталып, анда «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекжарык» жана «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери эмгектенишкен.

Бакчанын аянты 12 сотыхты түзөт, 6 отургуч коюлуп, анын 2 даанасы чатырлуу,  ошондой эле  жарыктандыруу орнотулуп, таман таштар төшөлгөн. Мындан тышкары жашылдандыруу максатында чоң дарактар, ийне жалбырактуу туялар, бадалдар, карагайлар отургузулуп, газон себилди.

Курулуштун каржылык бөлүгүн Октябрь районунун администрациясы өз мойнуна алып, материалдарды GIZ эл аралык уюму тарабынан берилген.

Райондун акими Жаныбек Орозалиев демөөрчүлөргө Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшырып, жаңы долбоорлорду ишке ашырууда мындан аркы кызматташууга даяр жана ачык экенин белгиледи.