Учурда борбор калаада Ж.Абдрахманов  жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап аялдама комплексинин расмий ачылышы болду.

Бул комплекс борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен Бишкек шаарынын жол-транспорт инфраструктурасында жүргүзүлүп жаткан ири реформанын алкагында иштелип чыккан.

Ага борбор калаанын мэринин орун басарлары  Максатбек Сазыкулов, Нурдан Орунтаев жана «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары Марат Какеев катышты.

Буга чейин аялдаманы реконструкциялоо жана ачуу иштери июль айынын орто ченинде өткөн, бирок транспорт күтүп жаткан жарандардын көптүгү үчүн аянт жетишсиз болгон. Ошондуктан, банктын жетекчилигинин демилгеси менен дагы бир пункт курулуп, ошону менен комплекстин аянты кеңейтилип, бирдиктүү курамды түздү.

Эскерте кетсек, бул ысык мезгилде кондиционер, кышында жылытуу системасы бар жабык аялдама комплексинде  декоративдик коомдук транспорт каттамы, жарнак кутусу, маалымат LED экраны каралган, учурда  видеобайкоо камерасы, Wi-Fi  жана интерактивдүү сенсордук LCD мониторлору орнотулууда.

Долбоор “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын адистери тарабынан иштелип чыгып, “Бакай Банк” ААКнын демөөрчүлүгү менен ишке ашырылды, мындан тышкары “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жол тыгындарын азайтуу жана жарандардын ыңгайлуулугу үчүн аялдама комплексин жылдырып,  тротуар, жол бордюрлары орнотуп, асфальт төшөдү.