Бишкекте №31 “Бермет” мектепке чейинки билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон кийин (Бөкөнбаев көч., 119) салтанаттуу түрдө ачылды.

Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучу Райым Жолдошов куттуктоо сөз сүйлөп, жаңыланган имараттын ачылышы менен кызматкерлерди жана ата-энелерди куттуктады.

Ага райондун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова жана райондук билим берүү борборунун  башчысы Самара Шербаева катышты.

Бала бакчанын имараты менен таанышкан соң катышуучулар үчүн чакан концерт уюштурулду.

Белгилей кетсек, 2019-жылы бала бакча жабылып, 1-кабаттын жыгач конструкциясынын шыбы урап түшкөн, бардык экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин капиталдык оңдоо иштери 2022-жылдын аягында башталган. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу реконструкциялоону «Табан» ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзгөн.

Негизги корпус бекемделди, чатыры жабылды, ички жасалгалары жүргүзүлүп, ички жана тышкы инженердик тармактары алмаштырылды, бала бакчанын аймагы көрктөндүрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан материалдык-техникалык база менен 100% камсыздалды.

№31 «Бермет» мектепке чейинки билим берүү мекемеси 1952-жылы негизделген, мекеме башкы корпустан, өзүнчө көмөкчү имараттардан, чарбалык блоктордон жана ашканадан турат, бала бакчанын жалпы аянты 3120 чарчы метр, негизги имаратын аянты 993 чарчы метр, 115 орунга ылайыкталган, 5 топтон турат.