Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө жана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арнап, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик  тил жана тил саясаты боюнча  улуттук комиссиясынын 2023-жылдын 18-сентябрында бекитилген “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы” аталышындагы шаардык иш-чара өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Мамлекеттик  тил жана тил саясаты боюнча  улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, «Кыргыз тили коому» коомдук бирикмесинин президенти Раимжан Курбанов,  коомдук ишмер, окумуштуу, публицист,  Роза Айтматова,  Чыңгыз Төрөкуловичтин уулу Эльдар Айтматов Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо мекемелеринин, спорт жана музыкалык мектептердин өкүлдөрү катышты.

Пролог  бөлүгүндө “Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы” боюнча видео-ролик көрсөтүлүп,  “Ак кеме”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим” чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөр коюлду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн белгилөөнүн урматына Бишкек шаарынын мэриясынын мекеме-ишканаларынын, спорт мектептеринин, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жана аларда эмгектенген адистердин арасында өткөрүлгөн “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзгөн мыкты мекеме” жана “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзгөн мыкты адис” шаардык сынактарынын жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундарга ээ болгон мекеме-ишканаларга жана кызматкерлерге Бишкек шаарынын мэриясынын сыйлыктары тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестри майрамдык маанай тартуулады.