Борбор калаанын муниципалитети тарабынан алдыдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитине даярдык көрүү боюнча тапшырмалар аткарылды

Тактап айтканда, «Аска-Таш» комплексинин аймагында жайгашкан фонтанды жаңылоо иштери жүргүзүлдү. Анын аймагында 100дөн ашык жарык берүүчү приборлор орнотулуп, монументти жарыктандыруу ишке ашырылды, 20 даана декоративдүү жарык берүүчү таянычтар орнотулду.

«Аскат-Таш» комплексинин жанындагы унаа жолду кеңейтүү, Фучик көчөсүндөгү аялдамаларды жана тротуарларды оңдоо иштери толугу менен аткарылды.

Фучик көчөсүндөгү «Аскат-Таш» комплексинен Ленский көчөсүнө чейинки жолдун эки тарабына 1600 бетон тосмолор орнотулду. Ошондой эле 8 500 даана гүл отургузулду.

Чүй проспектисинин Бейшеналиева көчөсүнөн Ю.Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүнө Ош базарынын аймагына 1760 туя отургузулду. Бүгүнкү күндө кошумча 2700 туя алып келүү үчүн келишим түзүлдү. Ошондой эле, Чүй проспектиси менен Ю. Фучик кѳчѳсүнүн кесилишиндеги стелланы реканструкциялоо жана айланасын ландшафтык жасалгалоо иштери жүргүзүлдү.

Манас проспектисине 10 200 метр узундукта туя кѳчѳттѳрү отургузулду.

Ч.Айтматов проспектисинде Семетей көчөсүнөн баштап Ажыбек Баатыр көчөсүнө чейин кабелдер төшөлүп, 216 даана мамычалар коюлду.

21 930 даана бир жылдык жана 1500 даана көп жылдык гүлдөр отургузулган.

Ошондой эле кѳчѳлѳрдүн чѳптѳрүн чабуу, сугаруу, дүмүрлѳрдү алуу, бак-дарактарды бутоо, мамыларды сырдоо жана таштанды челектерин оңдоп түзѳѳ иштери жүргүзүлүүдѳ.

Манас көчөсү-Ч.Айтматов проспектисиндеги жол чиймелер толугу менен жаңыртылды. Бүгүнкү күндө Фучик көчөсүндөгү, Жибек-Жолу проспектисиндеги, Чүй проспектисиндеги жол чийиндерди жаңыртуу, ошондой эле Чүй проспектисиндеги тротуарларды оңдоо иштери жүргүзүлдү.

24 жарнама конструкциясын жана 5 аялдама комплексин бузуу иштери жүргүзүлүп, учурда алардын бардыгы толугу менен бүткөрүлдү. Ошондой эле 9 заманбап аялдама комплекстери орнотулду.

Үйлөрдүн фасаддарын оңдоо (сырдоо) иштери аяктады. Үйлөрдүн жана объектилердин 60ка жакын фасады толугу менен жаңыртылып, 70тен ашык тосмолор калыбына келтирилди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте келген өлкөлөрдүн жарнамалык видеороликтерин, баннерлерин жана желектерин орнотуу боюнча иштер жүргүзүлдү жана аларды илүүгө даяр.

Белгилей кетсек, бул иштерди жүргүзүү үстүбүздөгү жылдын башында пландаштырылган.