Бишкек шаарындагы 11-кичирайондо мамлекеттик ипотекалык кредиттин үлүшү менен «Дастан сити» турак-жай комплексинин курулушунун пайдубалын түптөө аземи болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысы Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын директору Алмамбет Шыкмаматов,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги Нурдан Орунтаев, «Экспострой курулуш компаниясы» ЖЧКсынын директору Кубанычбек Түлеев катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Бишкек шаары, 11-кичи район, Н.Жетикашкаева көчөсү дарегинде жайгашкан жалпы аянты 9,64 гектар жер тилкелери “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилди.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилген инвестор тартуу жолу менен белгиленген тартипте турак жай комплексин куруу үчүн участокторду пайдаланууну сунуштоо чечими кабыл алынды.

«Экспострой курулуш компаниясы» ЖЧКсы көп функционалдуу турак-жай комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мүмкүндүгүн билдирди.

Өз кезегинде бул жерге 2660 батир салынып, анын ичинен 500 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өтөт.

Бул турак-жай комплексинин курулуш мөөнөтү 5 жылга чейин.

Учурда долбоордук-сметалык документтерди макулдашуу боюнча иштер, ошондой эле долбоорду ишке ашыруу үчүн аймакта даярдык иштери жүрүп жатат.

Бардыгы болуп долбоор төмөнкүлөрдү курууну жана эксплуатациялоону карайт:
* 17 кабаттуу 24 турак жай;
* тейлөө секторунун объектилери;
* соода жана оюн-зоок борбору (супермаркет, 3D кинотеатрлар, 25 метрлик спорттук бассейн, фитнес-центр, СПА-салон, балдар аянтчалары;
* 280 орундуу бала бакчалар (ар бири 140 орундуу 2 бала бакча);
* спорт комплекси;
* жашылдандыруу ;
* жер астындагы унаа токтотуучу жай, велосипед жолдору болот.