Бишкек шаарында «Бишкек башкы архитектура» МИнын жыйындар залында ишкана тарабынан аткарылган иштер, долбоорлор жана келечектеги пландар талкууланды.

Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ошондой эле шаардык кызматтардын жетекчилери катышты.

Бишкек шаарынын башкы архитектору Урмат Карыбаев жол-транспортту өнүктүрүү, борборду жакшыртуу жана дизайн -код долбоорлорун сунуштады.

Жыйында орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору айтылды:
- транспорт жана жол инфраструктурасы боюнча (жаңы транспорт тармактарын жана асма жолду куруу, жаңы көчөлөрдү ачуу, коомдук транспорт үчүн өзүнчө участокторду киргизүү);
- туура эмес унаа токтотуу («Акылдуу паркинг» системасын ишке ашыруу, ошондой эле борбордун борбордук көчөлөрүндө өзгөчө режим).

У.Карыбаев ошондой эле Э.Гареев атындагы "Ботаникалык бакчада" илим-изилдөө институтунун сунушу менен  клен, липа, гледичия, карагай, гибридный,  эмен, вяз, сосна Палласа / Крымская, можжевельник, Паллас/Крым карагайы, арча сыяктуу бак-дарактарды отургузуу менен борборду жашылдандыруу пландарына токтолду.

Ошондой эле жер мунапысы, административдик-аймактык реформа жана Башкы план боюнча маалымат угулду.

Мындан тышкары, жаңы ипподром куруу жана эскисин көчүрүү маселеси талкууланды.

Д.Өмүрзаков атындагы   кичи аренаны реконструкциялоо, Республикалык «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт борбору, ошондой эле Чоң Чүй каналы иштери да белгиленди.

Ошондой эле 40 миң орундуу стадион куруу, Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларын жакшыртуу беогиленди.