2024-жылдын 21-мартында  Нооруз майрамы –  күн менен түндүн теңелген күнү Ала-Тоо аянтында белгиленүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ошондой эле шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору катышты.

Көрүүчүлөргө театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, 600 комузчу да өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чаранын конокторуна кыргыз  эстрада жылдыздарынын чыгармалары тартууланды.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы Рамазан айын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан «Нооруз-2024» майрамын 20, 21, 22-март күндөрү майрамдоо боюнча үч күндүк программа уюштурулган.

Майрамдык иш-чараларда шаардыктар үчүн борбордук аянтта көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аштар менен тамактануу зоналары  уюштурулду.

Кошумчалай кетсек, быйыл Ала-Тоо аянты улуттук стилде жасалгаланып, сахна жарым боз үй түрүндө орнотулган.

Бишкек шаарынын мэриясы дагы бир жолу жалпы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун Нооруз   майрамы менен куттуктайт! Ар бир үйдө ынтымак жана бейпилдик өкүм сүрсүн!