Бүгүн, 2024-жылдын 21-мартында, Нооруз майрамы - күн менен түндүн теңелген күнү Ала-Тоо аянтында белгиленүүдө.

Ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, шаардыктар жана борбор калаанын коноктору катышты.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун дагы бир жолу майрамы менен куттуктап, бардыгына бакыт, ден соолук жана бакубатчылык каалады.

Коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа, ошондой эле лазердик шоу тартууланды.

Сахнада Гүлнара Тойгонбаева, Асел Турдалиева, Мирбек Атабеков, Азат Раимбердиев, Омар, Юлия Руцкая, Кайрат Примбердиев, Иса Өмүркулов, Алтынай Асанбекова, Жанар Туратова, Малика Дина, Бек Исраилов, FREЕMAN, Jax жана башкалар жагымдуу чыгармаларын тартуулашты.

«Береке» тобу бий аянттын көркүн ачты

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун эртең, 2024-жылдын 22-мартында жыйынтыктоочу иш-чарага катышууга чакырат.