Бишкек шаарынынын Арча-Бешик конушунда №19 бала бакчанын ачылышы болду.

Ачылыш аземи Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Болот Апилов, ошондой эле конуштун тургундарынын катышуусунда өттү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мектепке чейинки билим берүү мекемени  натыйжалуу пайдалануу жана балдарды көбүрөөк камтуу боюнча буйругунун алкагында бала бакчага жылма керебеттер орнотулуп, кошумча бош орун түзүлдү.

Мекеменин долбоордук кубаттуулугу 284 орунга көбөйтүлүп, 180 баланын ордуна 464 бала кабыл алынат.

Имарат эки кабаттуу, бардык көмөкчү жайлары бар: уктоочу, оюн, кампалар, ашкана, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, персоналдар бөлмөсү, музыка, спорт  жана техникалык бөлмөлөр.

Курулуш иштери "КББ"ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан аткарылгандыгын белгилей кетүүгө болот.