Бүгүн, 2024-жылдын 6-апрелинде, Бишкек шаарында 2024-жылдын  11-мартынан 11-майына чейин жарыяланган эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын, төрт райондук администрацияларынын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин, чарбакер субъекттердин кызматкерлери бекитилген аймактарды тазалоо үчүн ишембиликке чыгышты.

Мындан тышкары, ведомстволук жана аймактык бөлүнүштөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери бекитилген участокторду тазалашты.

Ишембиликке бектилген аймактар боюнча 567 мамлекеттик, муниципалдык мекеме, ишканалар жана чарба субъекттери катышты, алардын ичинен:
Ленин району-134;
Октябрь району-158;
Биринчи май району-118;
Свердлов району-157.

Ошондой эле ишембиликке тиешелүү аймагы боюнча 1445 чарба субъектилери катышты, алардын ичинен:
Ленин району – 402;
Октябрь району-367;
Биринчи май району– 218;
Свердлов району-458.

Шаарды тазалоого дээрлик 27,9 миң шаар тургуну, анын ичинен 7000ден ашууну мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

Шаар тургундары жана уюмдар тарабынан 2000ден ашык көчөт отургузулду.

«Тазалык» МИсинин 50 атайын техникасы жана «Бишкекжашылкурулуш» МИсинин 10дон ашык атайын техникасы жана башка кызматтардын 40тан ашык атайын техникасы тартылган.

Ошентип, саат 15:00 гө карата 396 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Чогултуу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, ишембиликтер борбор калаанын инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Бишкек шаарынын мэриясы бүгүнкү ишембиликке министрликтер менен ведомстволордун, башка мамлекеттик мекемелердин, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана шаардыктардын активдүү катышуусун белгилейт жана бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирет!

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаар! Тазалык ар бирибизден башталат!