Бишкек шаарындагы "Мадина" базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.

2024-жылдын 2- мартына  чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бузуу иштери ушул күнгө чейин уланууда.

Борбор калаанын башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар  жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт.

Свердлов районунун акимине курчап турган аймакты көрктөндүрүү милдети коюлган.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасына тез арада электр чубалгылары боюнча анализ жүргүзүп, талапка ылайык келтирүү тапшырылды.