Бүгүн, 2024-жылдын 23-апрелинде саат 6:00дө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда Ленин районундагы шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жеринде текшерүү болуп өттү.

Текшерүү Бейшеналиева көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен башталган.

Муниципалдык инспекцияга чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери менен чектеш аймакта коюлган талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Тиешелүү кызматтарга рейд жүргүзүп, коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине жана чарбалык субъектилерге айлана-тегерегин күн сайын тазалоо иштерин жүргүзүүнү милдеттендирүү тапшырмасы берилди.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына төмөнкүлөр тапшырылды: электр зымдарын толук инвентаризациялоо; электр линияларын уюштуруу; керексиз зымдарды жок кылуу; электр лампаларынын жана LED-экрандардын жарамдуулугун текшерип, зарыл болгон учурда аларды жаңысына алмаштыруу.

Ленин районунун акимине Ош базарынын аймагындагы стихиялуу сооданы көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Ошондой эле кызматтарга инвентаризация жүргүзүү жана мыйзамсыз орнотулган соода жайларын аныктоо, соода борборлорунун чек арасын карап чыгуу, муниципалдык аймакка созулган кеңейтүүлөрдү аныктоо тапшырмасы берилди.

Текшерүү учурунда Экономика, дизайн жана информациялык системалар колледжинин имаратынын сырткы көрүнүшү белгиленди. Кызматтарга окуу жайдын жетекчилигине тосмону бузуп, имараттын фасадын талапка ылайык келтирүү тапшырмасы берүү айтылды.

Коммуналдык кызматтарга жашыл зоналарды тазалоо, аймакты санитардык тазалоону күчөтүү жана таштанды челектерин жаңылоо, ошондой эле аларды орнотуу концепциясы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Шаар башчысы муниципалдык инспекцияга курулуш объекттеринде унаа дөңгөлөктөрүн тазалоочу пункттардын болушун көзөмөлдөөнү эскертти.