Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарында  велосезондун ачылышы болду.

Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана "Вело friends позитив kg" коомдук уюмунун  президенти Данил Кыдыралиев катышты.

Спорттук иш-чара   Бишкек шаарынын туулган күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган вело жүрүш  Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында башталды.

Мында катышуучулар Уркуя Салиева атындагы скверде жүрүшүн аяктады.

Веложарыштын бардык катышуучулары көңүл ачуучу иш-чараларга жана ар түрдүү сынактарга күбө боло алышты.

Бул  спорттук иш-чарага 800гө жакын вело сүйүүчүлөр, спортчулар, жана  муниципалитетинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана "Вело friends позитив kg" уюму тарабынан  уюштурулду.