19-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттин каражатына сатылып алынган 9 унааны тапшырды.

Алардын ичинен  керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулары менен жабдылган 6 атайын унаа, 2 сүт азыктарын жеткирүү үчүн атайын унаа жана шаардын социалдык коргоо кызматына 1 унаа.

Орусиялык өндүрүштөгү жаңы 6 унаа  шаардын жаңы конуштарын тейлөө үчүн Медициналык тез жардам кызматынын борбордук станциясына жана №1,2,3, станцияларына бөлүндү.

Учурда шаар тургундарын медициналык тез жардам кызматынын 39-40 унаасы тейлейт. Жаңы унааларды кошкондо автопаркта 46 унаа иштеп баштайт.

Ошондой эле, 2 атайын унаа сүт азыктарын ооруканаларга жеткирүү үчүн алынды. Мындай сатып алуулар көп жылдан бери биринчи болуп жатат. Кийинки жылы дагы эки унаа сатылып алынат.

Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматына 1 унаа тапшырылды. Зомбулукка, татаал турмуштук абалга  кабылган балдарга жардам көрсөтүү үчүн “Балдарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн социалдык автомобиль” социалдык кызматын киргизүүнүн алкагында алынды. Бул социалдык кызмат күнү-түнү көрсөтүлөт.