Бишкек шаарынын мэриясы вице-мэрлер менен бардык муниципалдык аймактык башкармалыктардын тургундарынын жолугушууларын уюштурат.

№58 орто мектебинде Ленин районунун Чоң-Арык, Орто-Сай, Киргизия жана Ынтымак жаңы конуштарынын тургундары менен жолугушуу ѳткѳрүлдү. Жолугушууга калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев, вице-мэрлер  Асель Куламбаева, Максим Ситников, Бакытбек Дюшембиев, Рыспек Сарпашов жана Ленин райондук администрациясынын башчысы  Нурдин Тынаев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ шаар тургундары тарабынан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, жолдорду жана тротуарларды оңдоо, тышкы жарыктандырууну орнотуу, мыйзамсыз курулуштар менен күрѳшүү, шаарды кѳрктѳндүрүү, инфраструктураны жакшыртуу маселелери кѳтѳрүлдү.

Суроо берген жашоочулардын кѳпчүлүгү ѳздѳрүнүн суроолоруна жоопторду алышты.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!