Киев кѳчѳсүндѳ жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин алдында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун, Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы Жаныбек Абировдун, мэриянын жана анын түзүмдүк бѳлүмдѳрүнүн кызматкерлеринин катышуусунда улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чара ѳткѳрүлдү.

Катышуучулар Чыңгыз Тѳрѳкуловичтин эстелигине гүл коюшту. Иш-чарада  шаардын мектептеринин окуучулары Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп беришти.

Мындан тышкары «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги Ч.Айтматовдун мавзолейине гүл чамбар  коюлду.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!