24-декабрда Бишкек шаарынын мэриясында «КМШ шаарларынын туруктуу ѳнүгүүсүнѳ кошкон салымы үчүн» Борборлордун жана ири шаарлардын Эл аралык  Ассамблеясынын ордени менен сыйлоо иш-чарасы ѳткѳрүлдү.

Сыйлык ээлерин куттуктап жатып, мэр Азиз Суракматов алардын шаардын ѳнүгүшүнѳ кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди, ошондой эле орден менен сыйлоо-бул шаардагы гана жетишкендик эмес, Эл аралык деңгээлде экендигин белгиледи.

Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы Жаныбек Абиров менен биргеликте ордендерди тапшырышты. КМШ шаарларынын туруктуу ѳнүгүүсүнѳ кошкон салымы үчүн тѳмѳнкүлѳр сыйланышты:

- Керимкулов Медетбек Темирбекович –  1999-2005-жж. Бишкек шаарынын мэри болгон. Учурда КРнын мунайтрейдерлер ассоциациясынын президенти;

- Ѳмүркулов Иса Шейшенкулович – учурда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2010-2013-жылдары Бишкек шаарынын мэри болгон;

- Салымбеков Аскар Мааткабылович – 2005-жылы Бишкек шаарынын мэри болгон;

- Джумагулов Апас Джумагулович – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери;

- Аманкулов Марат Аскерович – уруда КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2011-2012 жана 2012-2015-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы;

- Губина Лариса Васильевна – Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары;;

- Васильев Лев Алексеевич – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!