Бишкекте муниципалитеттин жетекчилери шаар тургундары менен жолугушууларын улантууда. Бул жолкусунда Октябрь районунун тургундары менен жолугушуу ѳткѳрүлдү.

26-январда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун, вице-мэрлердин жана Октябрь районунун акиминин катышуусунда  «Кара-Жыгач», «Рухий-Мурас», «Алтын-Ордо», «Тѳкѳлдѳш» жаңы конуштарынын тургундары менен жолугушуу  ѳткѳрүлдү.

Бүгүнкү күндө  «Кара-Жыгач» конушунун аянты 146, 4 гектарды түзүп, ал жерде   8 миң 109 киши жашайт. Учурда бул конушту өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Жалпы жонунан 1606 турак жайы бар конушка  узундугу 3 км түзгөн газ түтүктөрү салынып,   684 (42,6%) турак-жай көгүлтүр отун менен пайдаланууга мүмкүнчүлүк алды. Мындан тышкары 2 км канализация түйүндөрү 25 метр суу түтүктөрү орнотулду. Былтыр, квартал ичиндеги Достоевский, Оберон, Сары-Өзөн, Кара-Жыгач көчөлөрүнүн  5,6 км жолу капиталдык оңдоодон өтүп, асфальт төшөлүп, тротуарлар менен ирригация түйүндөрү жасалды.  

«Алтын-Ордо» конушунда 4 миң 373 киши жашайт. Бул конуштун 8 көчөсүнө борбордук канализациянын долбоору даярдалып, 2 км түйүн жасалды. Ал эми   №5- жана №7- көчөлөрүнүн туругандары өз каражаттарына узундугу 2,4км түзгөн канализация түйүнүн салдыртышты. №2-жана №3-көчөлөрүндө шаар бюджетинен берилген каражаттардын жардамы менен жарык коюлуп, ушундай эле жарык чырактар Чоң Чүй каналын бойлой орнотулуп, анын долбоору иштелип чыкты.   №4-,5-,6-,7-көчөлөрүнүн тургундары өз каражаттарына көчө жарыктарын жасатышты.  Чыгыш РЭСи энергетикалык кубаттулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүп, трансформатордук кѳмѳк чордон  жаңыланды. Натыйжада үйлөрдө жарыктын кубаттулугу жогорулады. Ошондой эки жерде балдар аянтчалары толугу менен оңдолду.

“Рухий Мурас” конушунда 3 миң 48 жашооочу бар. №3-көчөгө жарык киргизилип, Чыгыш РЭСи №3-көчөгө трансформатордук кѳмѳк чордон  орнотууга тендер жарыялады.

«Төкөлдөш» конушунда азыркы маалда 3 миң 625 киши жашайт. Былтыр бул конушта көчө жарыктарынын 114 даанасы оңдолуп, алмаштырылды. Менделеев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Л. Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгү, С.Кийизбаева атындагы көчөсү  7-апрель көчөсүнө чейин, Б. Исакеев атындагы көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Менделеев көчөсүнө чейинки бөлүктөрү оңдолду. Мечиттин аймагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты А.Исмаилова берген каражаткан спорттук аянтча, воркаут зонасы менен орнотулду.  

Жолгушууда тургундар тарабынан тышкы жарыктандыруу, жол, канализация орнотуу, мектеп, бала бакча куруу, транспорт жана башка маселелер кѳтѳрүлүп, калаа мэри тиешелүү кызматтарга тез арада чечүүнү тапшырды.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!