Аталган баракчада жер титирөөдө жабыр тарткандарга берилген гуманитардык жардамдар үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Катта Бишкек шаарына Тоң районунун жалпы тургундарынын атынан кыйынчылык учурда берилген жардамына ыраазычылык билдирилген. Тоң районунун акими гуманитардык жардам атайы түзүлгөн комиссиянын көзөмөлүндө таратылгандыгын маалымдаган.
Эскерте кетсек, 2014-жылдын ноябрь айында Октябрь райондук администрациясынын башчысынын демилгеси менен Ысык-Көл областында жер титирөөдөн жабыр тарткандар үчүн гуманитардык жардам чогултуу уюштурулган. Калаа тургундарынын көңул кош карабагандыгынан жана боорукердигинен кыска мөөнөттө гуманитардык жардам чогултулуп, Ысык-Көл областынын табигый кырсыктар болгон районго гумжардамдар жеткирилген.