Тегерек столго Шаардын Саламаттыкты сактоо департаментинин жетекчиси Амангелди Мурзалиев, Свердлов райондук администрациясынын өкүлдөрү, райондун билим берүү борборлору, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери, профилактикалык дарылоо уюмдарынын медицина кызматкерлери , мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, Жергиликтүү аймактык башкармалыктын өкүлдөрү  жана кварталдык комитеттер катышты.
Адистердин айтымында,  дарыгерге токтоосуз кайрылуу диагноз коюуда гана эмес, эпидемиялык ооруга каршы чара көрүүдө да маанилүү.
Мурда белгиленгендей, кызылча оорусу менен оорубаган окуучулар  тез арада эмдөөдөн өтүүсү абзел. Кызылча оорусун алдын алуунун эффективдүү ыкмасы бул эмдөө. Биринчи эмдөөнү 12 айлык балдарга, экинчи эмдөө 6 жашка чейинки балдарга өткөрүлөт.
Бүгүнкү күндө Бишкекте 485 кызылча оорусу менен ооругандар катталып, 209 учурда лабороториялык жактан такталды.
Тегерек столдун жыйынтыгында, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрүнө, кварталдык комитеттерге,  кызылчага  каршы эмдөө албаган мектеп окуучуларына көзөмөл жүргүзүү жана өтө электерге өтүү тапшырмасы коюлду.
Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо департаменти шаардын Үйбүлөлүк медициналык борборлоруна тегерек столдорду, лекцияларды, кызылча оорусун алдына алуу боюнча маалыматтык-билим берүүчү кагаздарды таратуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасы берилди.