Балдарга психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулук көрсөткөн фактылар, ата-энелери, туугандар же башка адамдар тарабынан алардын ден-соолугуна зыян келтирүү учурлары жөнүндө билгендер (0312) 530416, 0555 660038, 0554 400392 телефон номурлары аркылуу кайрыла алат.
Ошондой эле, Свердлов райондук администациясы тарабынан балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүлөрдүн алдын алуу чаралары боюнча бир нече иш-чаралардын планы түзүлүп, РИИБ, Жаш өспүрүмдөр инспекциясы, Райондук билим берүү борбору, Үйбүлөлүк медицна борбору, Жергиликтүү аймактык башкармалыктар менен биргеликте иш алып барууда.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери зомбулукка кабылган үйбүлөлөргө жардам берүү максатында маалыматтык көчмө жыйындын графиги түзүлүп,  иштөөдө.